Ош базары: соодагерлер ижара акынын кымбатташына каршы митингге чыгышты

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош базарынын "Берекет универсал" соода борборунда иштеген ондогон соодагер митингге чыгып, ижара акынын кымбатташына нааразылыгын билдиришти. Алар кризис учурунда ижара акыны төлөө кыйынга туруп жатканын айтып жатышат. Соодагерлердин айтымында, ижара акысы 11% же 2 миң сомдон 2800 сомго өскөн.

Бишкектеги Ош базарынын айрым соодагерлери 21-июнда дагы өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан. Алар базардын тегерегиндеги мыйзамсыз соода кылгандарды калкалагандарды жоопко тартууну, аларды колдогон сотторду кызматтан алууну талап кылышкан.

Буга чейин соодагерлер коронавирус пандемиясына жана Украинадагы согушка байланыштуу соода солгундаганын билдирип келишкен.

24-февралда Украинага бастырып кирген Орусияга катаал санкциялардын салынышы Борбор Азия өлкөлөрүнүн каржы базарында да олку-солку абалды жаратты. (КЕ)

Дагы караңыз

Мадумаров менен Масалиев казино мыйзамын кабыл алууда алешемдик болгонун айтышты ЖК: турак жай кооперативдеринин ишин иликтөө сунушталдыБишкектен "Манас" аэропортуна атайын автобустар каттай баштайт Чойбеков: кымбатчылык социалдык объектилерди курган компанияларды кыйнап жатат