Назарбаевдин жакын тууганы Самат Абиш сурак берди

Самат Абиш.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Самат Абиш козголгон кылмыш иштеринин бири боюнча сурак берди. Бул тууралуу УККнын төрагасынын орун басары Аскар Амерханов мажилистин жыйынында журналисттерге билдирди.

Амерханов кабарчылардын “ал эркиндиктеби, же камактабы?” деген суроого “билбейм" деп жооп берген.

Самат Абиш Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Ал быйыл Январь окуяларынан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулган.

Алгач жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарга таянуу менен Самат Абиш Алматыда кармалганын жазышкан. Анын артынан эле атайын кызмат бул маалыматты төгүндөп чыккан.

Буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов 6-январда кызматтан алынып, ошол эле күнү кармалып, тергөө абагына камалган. Ага алгач “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып тагылган, кийин “бийликти басып алуу” беренеси кошулганы белгилүү болду. Бир-эки күн мурда эле экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кичүү иниси Болат Назарбаевдин бизнестерин текшерүү башталган.

Серепчилер кеминде 238 адамдын өмүрүн алган Январь окуяларынан кийин Казакстанда Назарбаевдин кланы алсырап, президент Касым-Жомарт Токаевдин таасири күчөгөнүн билдирип келишет. (ErN)

Дагы караңыз

Украинага курал жеткирүү талашынан улам Италияда ири партия бөлүндүПарламент кумаркана мыйзамын талаш-тартыш менен кабыл алды   Депутаттар кумаркана мыйзамына добуш бере албай, танапис жарыяландыПара алууга шектелген судья УКМКнын тергөө абагына киргизилди