Өкмөт "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түздү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү газ, мунай жана мунай продуктуларын ташуу боюнча улуттук оператор катары "Кыргызнефтегаз" ишканасын түздү. Бул тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-июнда кол койгон.

Жаңы түзүлгөн мекеме Энергетика министрлигине караштуу болуп, ага жаратылыш газын жана суюлтулган газды ташуу, сактоо, кайра иштетүү, мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды сатуу боюнча улуттук оператордун укуктары берилет.

Токтомго ылайык, Кадамжай районунун "Түндүк Сох" мунай-газ чыккан жеринин аймагында жайгашкан газ-техникалык курулмалардын объектилери "Кыргызнефтегазга" өтөт.

Жаңы ишкананын түзүмүнө Ош жана Баткен, "Сох жаратылыш газын сактоо" филиалдары кирет. (КЕ)

Дагы караңыз

Ооганстанда жер титирөөдөн каза тапкандар 900дөн аштыПарламентте кумарканаларды кайра ачуу мыйзам долбоору каралып жатат  Равшан Жээнбеков УКМК кызматкеринин үстүнөн даттандыИндия өкмөтү Кыргызстандагы социалдык долбоорлор үчүн 126 млн. сом бөлөт