Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:59

Индия өкмөтү Кыргызстандагы социалдык долбоорлор үчүн 126 млн. сом бөлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Индиянын өкмөтү Кыргызстанга анча чоң эмес, социалдык-экономикалык жактан натыйжалуу демилгелерди каржылоо үчүн гранттык негизде 126 млн. сомдон ашуун каражат бөлөт. Жогорку Кеңеш 22-июнда буга байланыштуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов белгилегендей, меморандум жергиликтүү органдар, өкмөттөр аралык мекемелер же өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу ишке ашырыла турган өнүктүрүү жаатындагы анча чоң эмес, бирок натыйжалуу демилгелерди каржылоо үчүн тиешелүү механизмди түзүүгө багытталат.

"Ар бир долбоорго болжол менен 1,5 млн. доллар бөлүнөт, жылына 5-6 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Индиянын элчилигине гранттык жардам көрсөтүү боюнча арыз түшө баштады", - деди Сейитов.

Депутаттар арыздарды тандоонун негизги критерийлерине кызыгышты. Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бишкекте 2019-жылы өткөн Кыргызстан-Индия бизнес-форумунда эки өлкө ортосундагы жылдык соода алмашуу 40 миллион долларды түзөрү айтылган. Анын ичинен Кыргызстан Индияга 5 миллион долларлык товарды экспорттойт. Ал эми Индиядан келген импорттун көлөмү 30 миллион доллардан ашат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG