Парламентте кумарканаларды кайра ачуу мыйзам долбоору каралып жатат  

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында кумарканаларды кайра ачуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 20-июнда бул мыйзам долбоорду жабык карап, экинчи жана үчүнчү окууда дароо карап, көпчүлүк добуш менен кабыл алган.

Депутат Дастан Бекешев казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдирди.

“Эгер казино ачууга уруксат берчү болсок, анда баңги затты да мыйзамдаштыралы, кылмыштуулуктун түрлөрүн мыйзамдаштыралы”, - деди жыйында.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мыйзам кабыл алынса, андагы коюлган талаптардын так сакталышына убада берди.

“Биз бул мыйзам боюнча Грузиянын компаниясы менен келишим түзгөнү жатабыз. Технологиялар паркы уюшулат. Биз баарын көзөмөлдөп, мыйзамдын так аткарылышын камсыздайбыз. Бул тармактан быйыл 1-2 млрд. сомго чейин киреше күтүп жатабыз”, - деди Жапаров.

Өткөн аптада аталган комитет чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун караган эмес. Анда депутаттар талкуунун түз эфирде көрсөтүлүшүн жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышкан.

Парламент өткөн айда бул долбоорду биринчи окууда колдогон.

Былтыр депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө бир катар нааразылыктардан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан. (JsA)

Дагы караңыз

Индия өкмөтү Кыргызстандагы социалдык долбоорлор үчүн 126 млн. сом бөлөтКытайдын аскердик учактары Тайвандын аймагына кирдиОрусиянын мунай заводуна сокку урулганы кабарланды