Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдү ташууга 200 автобус сатып алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштады. Муниципалитеттин маалыматына караганда, биринчи этапта 100 автобус сатып алынат. Калган бөлүгүн экинчи этапта алуу пландалууда.
“Кызыкдар тараптар bpatp@meria.kg электрондук почтага кайрыла алат. Арыздар 22-июнь саат 23:00гө чейин кабыл алынат”, - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы "Белес.kg" ишканасы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон. Анда мэрия автобустардын сапатын текшерүү үчүн газ кыймылдаткычы бар беш автобус сатып алууну көздөп турат.
Кыргызстанда коомдук автоунаа маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Тейлөөнүн сапатына жана транспорт жетишсиздигине байланыштуу бир нече жолу нааразылык акциясы өткөн.
Бишкек мэриясынын автобус сатып алуусуна байланыштуу буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган. (КЕ)
Дагы караңыз
Кулубаев Саудиядан кыргыз жарандарына виза берүүнү оңойлотууну өтүндү Ош шаарында 174 гектар жер мыйзамдаштырылды Казакстан: 27 адамга "Январь окуяларын уюштурган" деген айып коюлду ЖК: тармактык комитет казинолорду кайра ачуу мыйзам долбоорун колдоду