Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:23

Кулубаев Саудиядан кыргыз жарандарына виза берүүнү оңойлотууну өтүндү


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Ал Сауд. 20-июнь, 2022-жыл.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Ал Сауд. 20-июнь, 2022-жыл.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Арабиядагы сапарынын алкагында бул өлкөнүн тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Ал Сауд менен жолукту. Анда тараптар эки өлкөнүн алака-катышын, кызматташтыгын өнүктүрүү, аймактагы жана дүйнөдөгү бир катар маселелерди талкуулады.

Жээнбек Кулубаев "кыргыз-сауд мамилелеринин өнүгүшүн жогору баалап, алака-катышты мындан ары да жандандырып, сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууга чакырды. Ошондой эле ал соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу, эки өлкөнүн ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу жана кыргыз жарандарына электрондук туристтик виза берүү маселесин эртерек чечүү зарылдыгына токтолду", -деп айтылат Кыргыстандын ТИМи тараткан маалыматта.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри быйыл мартта Кыргызстанга келип кеткен. Анда президент Садыр Жапаров кабыл алып, Сауд өнүктүрүү фондунун өзгөчө ролун белгилеп, анын айыл чарбасы, саламаттык сактоо жана жол инфраструктурасын жакшыртуу долбоорлорун мисал келтирген.

Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы дипломатиялык кызматташтык 1992-жылдын 19-октябрында башталган.

XS
SM
MD
LG