Жүздөй уюм “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча президентке кайрылды

Иллюстрациялык сүрөт.

"Билим берүү мекемелеринин кенеши", балдардын билим берүү уюмдарынын бирликтери, KG Analytics коомдук фонду жана Мамлекеттик саясатты анализдөө борбору баштаган уюмдар “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна байланыштуу өлкө бийлигине кайрылуу жолдоду. Жарандык коом мүчөлөрү даярдаган сунуштарынын 95% мыйзам долбооруна кошулбай калганын белгилешкен.

Сунуштар бир катар тегерек столдор, вебинарлардын жана эксперттик талкуулардын өтүшү менен, башка мамлекеттердин мыйзамдары изилдөөдөн кийин даярдалганы айтылат.

"Көп тараптуу талкуунун жана талдоонун жыйынтыгы боюнча Мыйзам долбооруна сунуштар иштелип чыгып, алар 2022-жылдын 15-майында министрликке жарандык коомдун атынан Билим берүү мекемелеринин союзу тарабынан киргизилген. Июндун башында министрлик эч кандай жыйындарды өткөрбөстөн, талкуу жана түшүндүрмөсүз мыйзам долбоору менен союзга жооп жөнөткөн. Анда Мыйзам долбооруна берилген сунуштардын 95%ы жүйөлүү себепсиз эске алынбай калган. Белгиленген мөөнөткө (10-май) карабастан, министрлик экинчи отурумун өткөрө элек. Ошону менен бирге Мыйзамдын акыркы долбоору бекитиле элек",-деп айтылат жүзгө чукул уюм кол койгон кайрылууда.

Жарандык коом мүчөлөрү билим берүү тармагына жигердүү реформа жүргүзүү менен көп маселелерди чечүүгө болорун белгилеп, президент Садыр Жапаровду бул демилгеге көңүл бурууга чакырган.

Дагы караңыз "Министрлик билим берүүдөгү эркиндикти каалабай жатат"

Билим берүү жана илим министрлиги кайрылуу боюнча комментарий бере элек.

"Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча былтыр декабрда да бир катар уюмдар нааразылыгын билдирген. Билим берүү жана илим министрлиги долбоор Жогорку Кеңешке жөнөтүлө электигин, берилген сунуштар каралып, иштелип чыгарын кабарлаган эле.

Дагы караңыз

Бишкектин мурдагы вице-мэри Узаковдун абактагы мөөнөтү узартылдыАба ырайы: өткүн өтүп, күн күркүрөйтЖерүй алтын кенине 600 миллион доллар инвестиция салынды Кыргызстанда мектептердин 74 пайызында окуучуларга ысык тамак берилет