Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:19

Аба ырайы: өткүн өтүп, күн күркүрөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 21-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29,

Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14...19, күндүз 24...29,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...+5, күндүз 6...11°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 27…29°ка жетет.

XS
SM
MD
LG