Жапон парламентине биринчи жолу уйгур талапкер ат салышууда

Жапониянын Сенатынын депутаттары.

33 жаштагы Арфия Эри уйгур элинин тарыхында биринчи жолу Жапониянын парламентинин жогорку палатасы – Сенатка ат салышууда. Жети тилде сүйлөгөн, Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы кызматкери Жапонияда, Кытайда жана АКШда билим алган.

Жапониянын башкаруучу Либерал -демократтар партиясынын тизмеси менен бараткан талапкер “саясат тууралуу көз карашыман көрө эл менин түпкү тегиме көп кызыгат” дейт.

Эринин шайлоо өнөктүгү “жапон жаранымын” деген сыймыкка басым жасап, жапониялык үй-бүлөлүү аялдарга багытталган. Уйгур талапкер бул өлкөдө өзү сыяктуу “аты-жөнү жапондукуна окшобогон” саясатчылар арбып баратканын белгилейт.

Күн чыгыш өлкөсүндө бийликтин шайланма органдарында жапондор басымдуулук кылат.

10-июлга белгиленген жапон парламентинин жогорку палатасындагы 248 мандат үчүн 500дөн ашуун талапкер ат салышууда.

Уйгурлар – негизинен Борбродук жана Чыгыш Азияда отурукташкан түрк тилдүү калк.

2017-жылдан бери Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыз баштаган ж.б. мусулмандар кытай бийлигинин кысымына кабылып жатканы кабарланып келет. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына ылайык, Шинжаңдагы лагерлерде 2 миллиондой уйгур, казак жана түпкүлүктүү элдин башка өкүлдөрү отурат.

Дагы караңыз

"Орус дүйнөсү" үчүн согушууда, үйүндө эне тили "кесилүүдө". Мордовиядан репортажКыргыз жарандарын украин согушуна ким азгырган?Банк кызматкери УКМКнын тергөө абагында каза тапты