Адвокат: Бакыт Асанбаевдин иши сотко өтө элек болчу

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында асынып турган жеринен табылган "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин соту жакынкы күндөргө белгиленген эмес.

Бул тууралуу "Азаттыкка" маркумдун жактоочусу Нур Кылчыкбаева билдирди. "Иш сотко өтө элек болчу. Ушундан улам эч кандай комментарий бере албайм", - деди адвокат.

Буга чейин айрым укук коргоочулар, маркумдун жакындары "Аманбаевдин абактан чыгарына эки күн калганда ажал табышы суроо жаратып жатканын" айтып чыгышкан.

18-июнда түнкү саат бирге жакын Бакыт Асанбаевдин сөөгү УКМКнын убактылуу тергөө абагында асынып турган жеринен табылган.

Атайын кызматтын маалымдашынча банкир Асанбаев коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган.

Асанбаевдин өлүмүн Аскер прокуратурасы иликтей баштаганы маалым болду.

Буга чейин Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей көз жумган.

Дагы караңыз

Банк кызматкери УКМКнын тергөө абагында каза таптыКабулда cикх храмына чабуулдан эки киши каза таптыТергөө абагында каза болгон Асанбаев боюнча Аскер прокуратурасы текшерүү баштадыЖоокердин сабалышы: аскер бөлүктүн ичиндеги абал