Кабулда cикх храмына чабуулдан эки киши каза тапты

Кабулдагы диний азчылыктардын сыйынуу жайы.

Бүгүн, 18-июнда Ооганстандын борбору Кабулдагы cикх храмына чабуул жасалып, эки киши каза болду.

Теракттан бир нече адам жараат алганын сикх жамаатынын лидери Гурнам Синх "Азаттыктын" ооган кызматына кабарлады.

"Кол салуу болгон маалда отуздай киши храмдын ичинде отурган, алардын баары тирүүбү же жокпу, билбейбиз", - деди Синх.

"Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) ички иштер министри Абдул Нафи Такур храмга жардыргыч зат толтурулган машине чабуул койгонун билдирди. Окуя болгон жерде тазалоо иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Хорасан провинциясында "Ислам мамлекети" уюшкан террор тобунун мечиттерге жана диний азчылыктын сыйынуу жайына кол салуулары акыркы мезгилде арбыды.

Калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутунган Ооганстанда сикхтер аз сандагы диний топту түзүп, болгону 300дөй эле мүчөсү бар. Алардын көпчүлүгү талибдер бийликти басып алгандан кийин Ооганстандан качууга аргасыз болгон.

2020-жылы да сикх жамааты бутага алынган. Анда Кабулдагы храмына "Ислам мамлекети" террордук тобу кол салып, 25 адам набыт болгон

Дагы караңыз

Тергөө абагында каза болгон Асанбаев боюнча Аскер прокуратурасы текшерүү баштады"Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары УКМКнын тергөө абагында асынган абалда табылдыУкраинада согуш башталгандан бери 323 бала каза болдуТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин Венгриядагы расмий сапары уланууда Аба ырайы: Өткүн өтүп, күн күркүрөйт