Украинада согуш башталгандан бери 323 бала каза болду

Киев облусундагы талкаланган үй.

Украинанын Башкы прокуратурасы 18-июнга карата Орусия Украинага кол салгандан бери 232 бала каза таап, 583ү жарадар болгонун маалымдады.

Прокуратура бул сан так эмес экенин, оккупацияланган жана согуштук операциялар жүрүп жаткан аймактардагы курмандыктар азырынча эсептелип жатканын билдирди.

"Каза болгон балдардын көбү Донецк облусунан. Жалпысынан согуш башталгандан бери 301 бала каза тапкан. Харьковдо 170, Киевде 116, Черниговдо 68, Луганскиде 54, Херсондо 52, Николаевде 48, Запорожьеде 30, Сумыда 17 бала өлдү", - деп билдирди Украинанын расмий органы.

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн бомбалоосунан Украинанын 2028 окуу жайы жабыр тарткан, анын 209у таптакыр талкаланган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча жогорку комиссарлыгынын буга чейин берген маалыматында, согуш башталгандан бери Украинанын 4509 жараны каза тапкан, анын 294и балдар. 5585 адам жарадар болгон, анын 463ү бала. (BCh)

Дагы караңыз

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин Венгриядагы расмий сапары уланууда Аба ырайы: Өткүн өтүп, күн күркүрөйт"Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары УКМКнын тергөө абагында асынган абалда табылдыЖурналисттер Орусиянын 3 миңден ашуун аскери тууралуу маалымат чогултту“Кыргыз темир жолу” эксперименталдык вагон жасады