Coca-Cola компаниясы продукциялардын бар запасы түгөнгөндөн кийин Орусиянын аймагында өз товарларын өндүрүүнү жана сатууну токтотот. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги кабарлады.
Компания Coca-Cola, Fanta жана Sprite суусундуктарынан сырткары Schweppes алкоголсуз тониктерин, Bon Aqua суусун жана Fuzetea муздак чайларын чыгарчу.
Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу мартта башка компаниялар сыяктуу эле Coca-Cola жана PepsiCo корпорациялары дагы Орусиядагы бизнесин убактылуу токтоткон. Алар кырдаалды байкап жана баа берип турушарын, калган чечимдер ошондон кийин кабыл алынарын маалымдашкан болчу. Кийин PepsiCo дагы Орусияда Pepsi, Mirinda жана 7Up суусундуктарын сатууну токтоторун кабарлады.
Жергиликтүү компаниялардын ичинен "Очаково" аттуу завод майдан тартып Coca-Cola, Fanta жана Sprite суусундуктарына окшош товарларды чыгара баштаган. Алар CoolCola, Fancy жана Street деп аталат жана жасалгасы да оригинал брендге окшош.
Америкалык Йель университетинин маалыматына караганда, Орусия агрессиясын баштагандан бери миңден ашуун чет өлкөлүк ишканалар Орусиядагы ишин чектеп же толук токтотту. (ErN)
Дагы караңыз
Вакцина сатып алуудагы жемкорлукка шектүү дагы бир кызматкер үй камагына чыктыЖыл башынан бери мамлекеттик ипотека насыясы 640 адамга берилди18-июндун аба ырайыНасыяга алган арпасын кара көө баскан дыйкандарга жеңилдик берилбейт