Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Насыяга алган арпасын кара көө баскан дыйкандарга жеңилдик берилбейт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кара көө басып кеткен арпанын үрөнүн алган дыйкандарга жеңилдик берилбейт. Анткени кара көөнүн экономикалык зыяндуулугу 0,5% түзөт. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев маалымат жыйынында билдирди.

"Насыя эки жылга берилген. Комиссия кара көөнүн экономикалык зыяндуулугу төмөн, 0,5 % деп аныктады. Арпаны сепкен дыйкандар түшүмүн алат, жабыркабайт. 200 килограмм сепкен дыйкан орто эсеп менен үч тонна алат. Үч тонна арпадан 65-70 миң сом пайда алат. Чыгымы 10 миң сомдун тегерегинде. Азыр дыйкан жабыркабаса кандай жеңилдик болушу керек?", - деди министрдин орун басары.

Ушул жылы дыйкандарга Орусиядан келген 277 тонна арпа насыяга берилген. Ал 1380 гектар жерге себилген.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык министрлик ушул жылдын башында Орусиядан 12 304 тонна арпа-буудайдын үрөнүн алууга келишим түзгөн. Украинадагы кырдаалга байланыштуу үрөн кечигип, 10 миң тоннасы гана келген. Калган үрөн жолдо келатат. Алты миң тонна үрөн пайдаланган. Калган үрөн кийинки жылы себүү үчүн Балыкчыдагы буудай кампасында сакталууда.

Буга чейин Айыл чарба министрлиги насыяга берген үрөндү алган айрым дыйкандар арпасын кара көө басып кеткенин айтып чыгышкан. Чыгымга дуушар болгон тургундар насыяны төлөө үчүн өкмөттөн жеңилдик сурап жатышат.

Айыл чарба министрлигинин өкүлү Жигитаалы Жумалиевдин айтуусунда кара көөнүн каяктан чыкканы аныкталууда.

"Үрөн Орусиядан келгенде дарыланып келген. Дозасы аз болуп калышы мүмкүн. Үрөн алганда ал жакта күн суук болчу. Ал дагы таасир этиши мүмкүн. Оруп-жыйноо бүткөндөн кийин үрөнгө жарайбы же жарабайбы карайбыз".

Кыргызстанда жазгы айдоо иштери дээрлик аяктап, айрым аймактарда дыйкандардын алды биринчи түшүмүн жыйноого киришти. Өкмөт айыл чарбасын колдоого быйыл көп акча бөлгөнүн жарыялаган.

Өкмөт 24-мартта "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд. сом бөлгөн. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банкка” – 5,5 млрд. сом жана “РСК Банкына” 4,5 млрд. сом бөлүү тапшырылды. Насыянын өлчөмү жылына 6% түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленди.

XS
SM
MD
LG