18-июндун аба ырайы

Кыргызстан. Токтогул.

18-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй облусунун өрөөнүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус болот.

Дагы караңыз

Жыл башынан бери мамлекеттик ипотека насыясы 640 адамга берилдиЧынара Жакыпова УКМКга “Сорос Кыргызстан” фондунун имараты боюнча чакырылганын билдирдиНасыяга алган арпасын кара көө баскан дыйкандарга жеңилдик берилбейтТойдо колуктусун урган эркектин жоругу жердештерин ачуулантты