Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, 16-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарында Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык саммит алкагында Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов менен жолукту.
Жолугушууда эки тараптуу соода-сатык мамилелери, жүк транзити боюнча маселелер талкууланды.
Андан тышкары кызматташуу багыттары, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынында жана казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери да көтөрүлдү.
"Ак-Тилек" жана "Карасу" автожол постторунун аймагындагы Индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу маселеси боюнча ченемдик укуктук базаны күчөтүлгөн режимде иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди”, - деп айтылат маалыматта.
Ушул жылдын 26-майында Токаевдин Бишкектеги экинчи расмий сапарында кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүнү жеңилдетүү макулдашылган. Бирок чек арада жүк ташуучу автоунаалардын кезеги азайбай жатканы айтылып келет. (JsA)
Дагы караңыз
ЖМК комиссиясы Ыдырыс Исаков иликтөөсүндө журналисттик этиканы бузган деп тааныдыThe Insider: Чеченстанда эркектер Украинадагы согушка мажбурлап жөнөтүлүүдөИзраил менен Египет Евробиримдикке газ жеткиретАтамбаев эки кылмыш иши боюнча акталды