17-июнда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29…34;
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 27…32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус болот.
Дагы караңыз
Кулов: Кылмышкерди актап, журналистти камоо - этиятсыздыкТалас: арпаны каптаган илдетБашкы прокурор Курманкул Зулушев кайрадан ишине киришти Бишкекте Казакстанда биологиялык лабораториянын курулушуна каршы митинг өттү