Руслан Бекназаров Свердлов районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Руслан Бекназаров.

Руслан Бекназаров Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Руслан Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу. Ал 2019-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеген. Ага чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Ушул жылдын март айында Свердлов районунун акими болуп Максатбек Саргазаков дайындалган. (МТа)

Дагы караңыз

Билимбек: Таштандыны изилдеген система түзөбүзЖаатташкан коом диктатурага жол ачатАба ырайы: кээ бир аймактарда өткүн өтөтОрус аскерлери Северодонецк шаарынын көпчүлүгүн көзөмөлдөөдө