Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Жаатташкан коом диктатурага жол ачат


Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев - "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Биригүү – “бипбирдей” болуу эмес

Президент Садыр Жапаровдун жакында кол койгон “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгын демилгелегендер коомдук аң-сезимдеги өтө опуртал жагдайды эске алышкан окшойт.

Андагы айтылгандар жөн эле кооз, дүңгүрөк сөздөр эмес, маданий, рухий чөйрөдөгү опурталдуу кырдаалдан биргелешип чыгуу жолун табалы деп жалпы жарандык коомго үн салган чакырык болду деп ойлойм. Бийликте кимиси канчалык сезип-туюп жатканын билбейм, бирок бүгүн ушундай зарылдык өтө курчуп турганы анык.

Жарлыктын мамлекеттик катчыга милдет жүктөгөн бөлүгүндө “бардык кызыкдар тараптарды” тартуу менен улуттук программа иштеп чыгуу, ага ылайык, мисалы, “...диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо” керектиги эскертилиптир.

Чындыгында соңку кезде ислам динин үстүрт түшүнгөн фанаттар менен улуттук каада-салттарды динге кескин каршы койгондордун кайым айтышы атайын бирөө от чачкандай күчөп баратат.

Ызы-чууга аралашкандардын көбү сабатсыздар окшойт. Бирок жогорку билимдүү адис же молдо катары элге кыйла таанылып калган айрым замандаштардын деле бул жааттагы түшүнүгү тар, тайыз экендиги өкүнүчтүү. Билип туруп бузукулук кылгандар да бар...

Бир тарабы биздин коомдо диний жөрөлгөлөргө тыюу салынса эле жашоо акылдуу хан жөнүндөгү жомоктогудай же азыр өтө идеалдуу элестетилип жаткан совет доорундагыдай болуп калат деп ойлошот окшойт.

Атеисттик көз карашты бүтүндөй калайыкка таңуулаган диктатуранын шартында коммунисттик идеология өзүнчө динге айланып, “өйдө жактын” ар бир сөзүн эч ойлонбой эле тотукуштай кайталап турууга мажбурлаган “бир пикирдүүлүк” болгонун унутпайлы. Парттөбөлдүн кабак-кашына карап, “бирден-бир туура” түшүнүктөрдүн чегинен кымындай да чыкпай, жалпы хорду жаңырта ырдап турчу эле го өткөн мезгилде “советтик кишилер”.

Экинчи тараптын ырайына караганда, эркектер тегиз сакал өстүрүп, аялдар секелек кыздарга чейин текши хижап салынып, бүт баары намазга жыгылса эле пейил оӊолуп, ынтымак бекемдеп, бийлик ынсаптуу болуп калчудай. Бирок мында деле ошол коммунисттик идеологиянын күзгүдөн оодарылган чагылышындай “бирден-бир туура” нерселер таңууланып калууда. Айрыкча диндин өнүгүү жолун жетиштүү билбеген, шарияттагы миң жыл мурунку ар кандай эрежелерди тарыхый-маданий шарт-жагдайына карабай эле бүгүнкү күнгө көчүрүп келүүгө аракеттенген “таксырлардын” жоругу жолдо калсын.

“Бирден бир туураны” ким билет?

Эмне үчүн биздин коом карандай атеисттик нукта өнүгө албайт? Анткени адам баласынын АКЫЛ-ЭС мүмкүнчүлүгү чексиз эмес – ал аңдап-билгенге жетишпеген чектен ары жагын ИШЕНИМге калтырбай коё албайт. Компартия келечекте адамзат коммунисттик бейиште жашап калат деген ишенимди элге сиңирүүгө узак жылдар бою аракет кылып келген. Бирок ар кандай эле идеология сыяктуу бул окуу дагы чылгый догмага айлантылып, бийликтин утурумдук кызыкчылыктарына жараша ого бетер бурмаланып кеткен болчу. Тоталитардык мамлекетте мындан башкача болушу мүмкүн эмес эле.

Бир гана дин аркылуу коомду мунасага келтирүүгө болот деп ойлогондор да өтө баёолугун көрсөтүүдө. Анткени Кыргызстанда өздөрүн исламдагы бирден бир туура жол деп эсептеген ар кайсы агымдардын ич ара тирешүүсү байкалууда. Динди эптеп эле бийликке жетүү, аны кармап туруу максатында пайдаланган күчтөр ар заманда боло келген, азыр андан бетер көп.


Ар бир диндин, анын ичиндеги агымдын фанат өкүлдөрү бир гана өздөрүнүкүн абсолюттуу чындык деп, башкалардын баарына тозокту гана ыраа көрүшөт.

Биздин диндегилер да бүткүл адамзат исламды гана тандоого тийиш деп ойлойт. Чындыгында бардык элдер Кудайга бирдей жөрөлгө менен сыйынып калса эле жер жүзүндө адилеттүү бийлик, ынтымак, бейпилдик орноп калбайт. Анткени бардык адамдар "бипбирдей ойлонуп", акыйкатты "бипбирдей түшүнүшү" мүмкүн эмес – ар кимдин рухий дарамети, өсүп жетилүү жолу ар кандай – тилекке каршы же, балким, бактыга жараша.

“БИПБИРДЕЙ” нерселер жашоонун кунарын качырат, маанисин кетирет, рухий өнүгүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Бул канчалык тажатма нерсе экенин ушул эле жердеги “бипбирдей” деген бир сөздүн кайталануусунан деле сездиӊизби, окурман?

Адамзат тарыхындагы жана келечектеги эң бир акылман адамдардын баарынын интеллектуалдык күч-аракетин бириктирүү мүмкүнчүлүгү жаралса дагы, ошол супер-акыл, мега-мээ толук таанып-биле албагыдай нерселер кала берет сыр бойдон... Бирок ошого карабастан чексиз татаал, мааниси улам барган сайын тереңдей берген ЧЫНДЫКты таануу жолундагы чыгармачыл, рухий изденүү, эмгек, өжөр күрөш эч качан токтобой улантыла бериши керек.

Биримдикти кантип бекемдейбиз?

Ар түрдүүлүктү жоюуга тоталитардык (диний да, жарыкчыл да) бийликтер дайым умтулуп келген. Бирок кандай гана кооз сөздөр менен чүмбөттөлсө да, рухий жашоо агымын чектеп салуу аракети эч качан жакшылыкка алып барбайт.

Анда, ар ким өзүнүкүн гана туура деп туш тарапка жыра тарткан шартта коомдогу биримдикти кантип камсыздоо мүмкүн? Бийликтегилердин сөзү менен ишинин ортосундагы ажырымды жоюу аркылуу гана!

Эң башкы шарт – калыстык, тегине, кимдин тууганы же жаатташы (партиялашы) экенине, байлыгына, бийлик даражасына ж.б. карабай бардык адамдарга мыйзамдын бирдей колдонулушу. Буга сот бийлигин толугу менен люстрациялап, бир гана мыйзамдан башка эч нерседен, эч кимден көз карандысыз тургузуу менен гана жетишүүгө болот.

Эгер президент Садыр Жапаровдун Жарлыгында айтылгандай, "Хан бийлигинен нарк күчтүү" экенин анын командасы чындап тааныса, б.а. мыйзам үстөмдүгүн орнотууга умтулса, саясий маданиятты көтөрүү жагынан жакшы өрнөк көрсөтсө, абдан туура болмок. Ошондо президенттин, Министрлер кабинетинин, жалпы эле бийликтегилердин ар бир сөзүнө, кылган-эткенине сынчыл көз салган оппозициячылар да алгылыктуу сунуштарды көбүрөөк айтып, жакшы демилгелерди иштиктүү колдоп турмак.

Коомдогу пикирлердин айырмачылыгы анча мааниге ээ болбой, талаш-тартыштар опуртал деңгээлге жете курчубай, адеп сызыгынан чыкпай, орчундуу маселелер ырааттуу түрдө чечиле бермек. (Бул үчүн карапайым көпчүлүккө оордук кылган темалардагы талкууну, талаш-тартыштарды негизинен адистер чөйрөсүндө жүргүзүп, экстремисттик чакырыктар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү керек). Ошондо кайдагы бир халифат, курултай ж.б. сыяктуу жомокторго эл азгырылбай, жарандардын ар кандай чыр-чатактарды одоно опуза менен, күч менен эмес, жүйө менен, укуктук нукта чечүү маданияты калыптанат.

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт

XS
SM
MD
LG