Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди КТРК Спорт каналы түз эфирден көрсөтпөгөнүнө байланыштуу кызматтык териштирүү жүрөт. Бул тууралуу каналдын продюссери Шайырбек Арапов билдирди.
Көрүүчүлөр Азия кубогуна тандоо оюндарында (Кыргызстан - Сингапур, Кыргызстан - Мьянма, Кыргызстан - Тажикстан) Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди КТРК Спорт каналы көрсөтпөгөнүн байкаган.
Бул тууралуу журналист Кенжебек Арыкбаевдин Фейсбукка жазган билдирүүсүнө КТРК Спорт каналынын режиссеру Элдияр Айылчиев "Крестинин өзүнүн текебердигинен ушуну көрүп жатат" деп жооп берген.
КТРК Спорт каналынын продюссери Шайырбек Арапов кызматтык териштирүү башталганын, териштирүүнүн жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн айтты.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө F тайпасында экинчи орун менен чыкты. (МТа)
Дагы караңыз
Ташиев бийликтин Бакиевди реабилитациялоо максаты жок экенин билдирдиӨзбекстан: өкмөткө аргасыз эгин төккөн дыйкандарДепутат Акаев түрмөлөрдү «криминал жана акча башкарып калганын» айттыТарых музейиндеги жаңы чырдын илеби