Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Ташиев бийликтин Бакиевди реабилитациялоо максаты жок экенин билдирди


Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.

Азыркы бийликтин Бакиевдерди реабилитация кылуу ою жок экенин бүгүн 15-июнда “Новые лица” басылмасына курган маегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Басылманын “Азыр Бакиевдин режимин реабилитациялоо жүрүп жаткандай ой жаралууда. Анын мурдагы көптөгөн кызматкерлери жогорку кызматтарга кайтып келишти, анын өзүнүн кайтуусуна шарт түзүлүп жаткан сыяктуу…” деген суроосуна жооп берип Ташиев эч кимдин андай максаты жок экенин айтты:

“Реабилитация кылгысы келсе эл гана качандыр бир кезде кыла алат. Бийлик эмес. Бийликтин бакиевдерди, атамбаевдерди, акаевдерди же жээнбековдорду, отунбаеваларды реабилитация кылуу ою жок. Биз бир эле саясий күчтүн же саясий кландын багыты боюнча иштебейбиз. Бир да бийлик аны жасабайт. Жасаса да эл жасай алат. Качандыр бир...”.

“Сиз буга ишенесизби?” деген суроого УКМК жетекчиси “Бакиевди да, Атамбаевди да реабилитация кылышат. Буга эл гана укуктуу” деп жооп берди.

Өлкөнү 2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин жетектей баштаган Курманбек Бакиев башында турган бийлик 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин кулатылган. Бакиев жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Башкы айып 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алганы боюнча. Иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Апрель окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер мекенинде коюлган айыптарды четке кагып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG