Чек арада чыңалган абал сакталып турат, сүйлөшүү уланууда

Ворух анклавына кире бериши. Архив.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-июнда саат 13.00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалып турганын билдирди.

Ок атышуу болгон Булак-Башыда учурда Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү уланууда. Жолугушууга Согд жана Баткен облустарынын күч органдарынын жетекчилери катышууда.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын "Булак-Башы" жана Тажикстандын "Кех" чек ара постторунун ортосунда ок атышуунун келип чыккан себеби талкууланып, эки тарап чыр учурунда ээлеген позицияларын алып кетүүнү макулдашканы кабарланды.

Ага чейин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев чек арадагы ок атышуу боюнча Тажикстандын Согд облусунун губернатору Ражжабой Ахмадзода менен телефондон сүйлөшүп, кырдаал курчуп кетпеши үчүн аракеттер жүрүп жатканын билдирген.

Кыргызстандын чек ара кызматы Баткен районунун Булак-Башы аймагында 14-июнда таңга жуук 6:50-7:00дө тажик чек арачылары биринчи атканын, ага жооп ирети кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарганын билдирген. 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен атып, саат 8:10до атышуу токтогонун, абал кооптуу экенин кабарлаган.

“Азаттык” радиосунун тажик кызматы 14-июндагы эртең менен болгон ок атышууда 26 жаштагы Тажикстандын чек арачысы каза болгонун жазды.

3-июнда ушул эле Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектеш аймакта жайгашкан. (JsA)

Дагы караңыз

Чек ара чырында Кыргызстандан жабыркагандар жок, сүйлөшүү жүрүп жататЧек арадагы чырда тажикстандык чек арачы каза болгону кабарландыКыргызстан Тажикстандын соттолгон эки жаранын өткөрүп бергени кабарланды