Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:16

Кыргызстан Тажикстандын соттолгон эки жаранын өткөрүп бергени кабарланды


Кыргызстанда былтыркы чек ара чырынан кийин өмүр бою абакка кесилип, кийин жазасы жеңилдеген тажикстандыктар Абдурозик Абдукаххоров жана Аскар Юнусов Тажикстанга өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун тажик кызматы Согд облустук прокуратурасындагы анонимдүү булакка таянып жазды.

Маалыматка караганда эки тажикстандык 2022-жылдын 7-июнунда Тажикстандын Согд облусуна жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жакын арада алардын иши кайра каралып, чечим чыгат.

Кыргыз тараптан бул боюнча расмий маалымат бериле элек. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Азаттык” радиосуна маалымат толук такталгандан кийин берилерин билдирди.

Тажикстандын эки жараны Абдурозик Абдукаххоров жана Аскар Юнусов өткөн жылы чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин талап-тоноого катышып, элдин тынчтыгын бузган деген шек менен кармалган.

Сентябрда аларды Лейлек райондук соту өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. Аларга Жазык кодексинин 380-беренеси – “Тынчтыкка каршы кылмыштар” жана 391-беренеси – “Мародёрлук” боюнча айып тагылган. Кийинчерээк Баткен облустук соту Абдурозик Абдукаххоров жана Аскар Юнусовдун жаза мөөнөтүн жеңилдетип, 20 жылга абакка кесүү чечимин чыгарган.

Ушул жылдын 27-майында Кыргызстан менен Тажикстандын башкы прокурорлору Баткен шаарында өткөн жолугушууда соттолгон жарандарды жаза мөөнөтүн өз мекенинде өтөө үчүн өткөрүп берүүнү макулдашканы кабарланган.

Өткөн жумада Лейлек райондук соту чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кармалган Тажикстандын 11 жаранын 50 миң сом өлчөмүндө айып пулга жыгып, бошоткон. Алар 29-апрелде Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде кармалган.

Ушу тапта канча тажикстандык Кыргызстандын абактарында отурганы белгисиз. Алардын айрымдарына чек арадагы жаңжалга катышкан деген айып тагылган.

Кыргызстандын 39 жараны чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн 2021-жылы Тажикстанда соттолгон. Ушул жылдын апрель айында Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык түрдүү кылмыш иштери боюнча соттолуп, жазасын өтөп жатканы белгилүү болгон. Быйыл январда Тажикстандагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан бир кыргызстандык каза болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара тактала электигине байланыштуу тынымсыз жаңжал чыгып турат. Алардын эң ириси өткөн жылы апрелдин соңунда катталган. Анда эки тараптан 50дөн ашуун киши каза таап, 200дөй адам жарадар болгон. (JsA)

XS
SM
MD
LG