Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү Москвада адам уурдоо жана опузалап акча талап кылууга шек саналган кылмыштуу топтун жети мүчөсүн кармады.
Министрликтин маалыматында, алар 10-июнда “Кузьминки” паркынын аймагынан 32 жаштагы адамды уурдап кетип, Москва шаарында ижарага алган батирде кармап, 1 млн. 800 миң рубль талап кылган. Атайын операцияда кылмыштуу топтун лидери жана анын мүчөлөрү колго түшкөн.
Аларга тиешелүү Hyundai жана Volkswagen Polo автоунааларынан “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылган. Бул боюнча Орусияда адам уурдоо фактысынын негизинде кылмыш иши козголду.
Кылмыштуу топтун Москва облусунда ушул сыяктуу эки оор кылмышка катышы бар экени аныкталган. (BTo)
Дагы караңыз
Жоробаев УКМКдан эмне себептен кызматтан алынганы белгилүү болду Чек арадагы чырда тажикстандык чек арачы каза болгону кабарландыТашиев Равшан Жээнбековго эскертүү берилерин билдирдиКыргызстан Тажикстандын соттолгон эки жаранын өткөрүп бергени кабарландыКамчыбек Ташиев Казакпаевдин өлүмү тууралуу комментарий берди