14-июндун аба ырайы

Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 14-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад обустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33,

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33° болот. (BTo)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров: ККМди коюуну убактылуу токтотуп турабызКыргыз өкмөтү өлкөгө 110 миң тонна буудай сатып алынганын кабарладыКазакпаевдин өлүмүн иликтөө боюнча коомдук комиссия түзүлдүАтамбаевдин саламаттыгына байланыштуу үй-бүлөсү кайрылуу тараттыЧүйдө жол кырсыгына кабылган милиция кызматкери камакка алынды