Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:02

Атамбаевдин саламаттыгына байланыштуу үй-бүлөсү кайрылуу таратты


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү анын саламаттыгына байланыштуу кайрылуу таратты. Анда абакта жаткан учурда мурдагы президенттин саламаттыгы начарлап жатканын жана ага толук кандуу дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүү керектиги айтылат.

"Абактагы үч жыл ичинде Атамбаевдин ден соолугу кескин начарлады. 2018-жылы компьютердик томографиядан өткөндө жүрөгү жана артериялары соо болсо, азыркы анализ жүрөктүн коронардык оорусун, стенокардия, күрөө тамыр жана аорта атеросклорозун көрсөтүп жатат",-деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары Атамбаевдин жакындары "быйыл жазындагы жаза аткаруу кызматкерлеринин орой мамилесинен улам мурдагы президенттин ден соолугуна зыян келди" деп жүйө келтирүүдө.

Буга байланыштуу саясатчыга дарыланууга керектүү шарттарды түзүүгө зарыл экени кайрылууда белгиленген.

Бир нече оор беренелерге айыпталып, абакта отурган Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 8-августунан бери камакта отурат. 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бир аз убакыт эркиндикте болгон. 25-майда ал абактан Бишкектеги Кардиология борборуна которулуп, учурда дарыланууда.

Буга чейин бийлик органдары мурдагы президентке керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айтып, анын ишинде саясий негиз жоктугун билдирген эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG