Акыйкатчы: Адам укуктарын сактоо аксап жатат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинанын Северодонецк шаары үчүн айыгышкан салгылаш уланууда. Калаада суу жок, гуманитардык кризис жайылууда. Киев майданда күнүнө 100-200гө чейин аскерин жоготуп атканын билдирди. Адам укуктарынын эл аралык уюмдары Кыргызстанга берген 1311 сунуштун көбү аткарылбай жатат.

2010-жылдын Июнь окуясына 12 жыл болду. Улут аралык жаңжалдан ырасмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жаракаттарды алган. Бүгүн окуянын курмандыктары Ошто эскерилди. Абактан Бишкектеги №1 шаардык ооруканага которулган саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда өзүнө келбей каза болду. Ал жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелип былтыр апрелде камалган. Адам укуктарынын эл аралык уюмдары Кыргызстанга берген 1311 сунуштун көбү аткарылбай жатат.