10-июнда "Адам укугу боюнча улуттук диалог" аттуу жыйында Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловго кайрылып, 6-июнда Бишкекте "Ала-Тоо" аквапаркында сууга чөгүп каза тапкан окуучунун өлүмүн адилет иликтөөгө чакырды.
"Бул окуя боюнча биз бир нече күндөн бери мамлекеттик комиссия кандай иштеп жатканын байкоого алдык. Бийлик өзү абалды кылдат иликтеп, айыптуулар жоопко тартылат деп күттүк. Бирок биз бүгүн баланын өлүмүнө түздөн-түз жооптуу болгон тараптар - аквапарктын менчик ээлери жоопкерчиликттен качууга аракеттенип жатканына күбө болдук. Ушундан улам сизден көзү өтүп кеткен баланын укугун коргоп, анын энесине да баласынын укугун коргогонго жардам берүүңүздү өтүнөбүз",-деди Назгүл Турдубекова.
Эдил Байсалов жоопкерчиликти билим берүү мекемелерине артпоо зарылдыгын айтып, 9 жашар баланын өлүмүн кырсык катары баалады. Ал укук коргоочуларды мындан да чоң көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырды.
"Бул чын эле кырсык, трагедия. Менимче мугалимдер деле, аквапарктын администрациясы мындай болсун деген жок да. Мындай кырсыктар болуп турат. Баарыбыз эле билебиз да, келгиле кайра-кайра эле ушул нерсени козгой бербейли. Биз деген укук коргоочуларбыз да, биз трагедия менен жоопкерчиликтин айырмасын билишибиз керек эмеспи. Адам укугун коргоонун ордуна жазалоону эле талап кылган адамдарга айланып калабызбы?".
Мугалимдер, окуу бөлүмүнүн башчысы жумуштан алынды
6-июнда Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында №95 мектептин 3-классынын окуучусу сууга чөгүп каза тапты. Баланын апасы "ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада берилгенин" айткан.
9-июнда мектептин башталгыч классынын алты мугалими менен окуу бөлүмүнүн башчысы жумуштан алынды. 10-июнда Бишкек шаардык кеңешинин жыйыны болуп, мектеп директорун жумуштан алуу сунушу берилди.
Коомчулукта мугалимдерден тышкары аквапарктын жетекчилеринин жана ээсинин жоопкерчилиги кароо талабы айтылууда.
Буга жооп иретинде 9-июнда "Ала-Тоо" эс алуу жайынын адвокаты Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасына аквапарктын администрациясы көзөмөл камераларына окуучу бала каза болгон күндөгү тартылган видеолордун баарын тергөөчүгө өткөрүп бергенин жазып, аквапарктын жетекчилиги окуя үчүн жоопкерчиликтен качпай турганын, тергөө менен кызматташарын белгилеген.
Окуя боюнча аквапарктын ичинде кызматтык иликтөө жүрдүбү, окуя болгон жердеги куткаруучулардын жоопкерчилиги менчик жайдын администрациясы тарабынан каралдыбы? Бул суроолор менен Абакировго кайрылганыбызда, маалымат берүүдөн баш тартты.
"Мен азыр эч нерсе деп комментарий бере албайм. Тергөө жүрүп жатат, мыйзамдуу чечим чыккандан кийин баарын айтайын".
Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Бассейндерде коопсуздук эрежелери сакталабы?
Бишкекте отузга чукул аквапарк, бассейн бар.
Кырсык болгон "Ала-Тоо" аквапаркынын расмий веб сайтында анын жалпы аянты алты миң чарчы метр деп белгиленгени менен сууга түшүүчү бассейндердин аянты так көрсөтүлгөн эмес.
Мамлекеттик санитардык көзөмөл департаменти белгилеген нормалар боюнча, бир баланын коопсуз сууга түшүүсү үчүн бассейнде кеминде төрт чарчы метрлик аянт болушу керек. Бул норма кырсык болгон күнү сакталган же сакталбаганы азырынча белгисиз. Каза тапкан окуучунун апасы "аквапаркта бир учурда 300дөй бала болгонун" айткан.
Дагы караңыз Ысык-Көл: аквапарктагы үрөй учурган кырсыкБул окуя биринчи кезекте бассейндерде коопсуздук эрежелери сакталабы деген суроону кабыргасынан койду. Анткени бул биринчи окуя эмес. 2019-жылы Өзгөндө эки жаштагы бала бассейнге чөгүп каза болгон окуя кырсык катары бааланган. 2016-жылы Бишкекектеги "Тартуга" эс алуу борборунда бассейнге сегиз жаштагы бала чөгүп бир нече күн комада жаткандан кийин көз жумган. Милиция бул окуяны "кырсык" деп баалап, кылмыш иши ачылган эмес.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматына караганда, 2021-жылы Кыргызстанда 121 адам сууга чөгүп каза болсо, алардын жарымы балдар. Быйыл 7-июнга чейин 20 жаран сууга чөгүп каза болсо, анын 11и жашы жете элек өспүрүмдөр.
Эл аралык компаниялардын биринде алгачкы медициналык жардамды үйрөткөн окутуучу Аида Жамалова Кыргызстандагы мектептерде окуу программасында алгачкы медициналык жардам сабагын киргизүү зарылдыгын белгиледи.
"Төртүнчү класстан баштап Билим берүү министрлиги биринчи жардам, куткаруу сабактарын сөзсүз киргизип койсо туура болмок. Жасалма дем алдыруу, жүрөктү укалап иштеткенди ар бир кыргызстандык билиши керек. Акыркы мезгилде сууга чөккөн кырсыктар аябай көп болууда. Тумчугуп калгандарга биринчи жардам көрсөтө албай эле кайсалап калып жатышпайбы".