Шаардык сот Бажы кызматынын мурдагы башчысы Жунусовду толук актады

Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келгенде тартылган сүрөт. 2018-жыл.

Бишкек шаардык соту быйыл 9-июндагы өкүмү менен Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусовду толугу менен актады. Шаардык соттун басма сөз кызматы мындай чечим шектүүнүн ишинде кылмыштын курамы жок деген жүйө менен кабыл алынганын билдирди.

Адамкул Жунусов 2018-жылдын 28-декабрында Азербайжандан кармалып Кыргызстанга жеткирилип, камакка алынган. Ал 2020-жылы үй камагына чыкканы белгилүү болгон.

Башкы прокуратура 2018-жылы июль айында Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган.

Финансы полициясы Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдары Бажы кызматын жетектеп турганда туруктуу коррупциялык байланышты уюштуруп, бюджетке 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргенин жарыялаган.

Кыргызстанда бажы тармагы эң коррупцияланышкан мамлекеттик органдардын катарында турат.

2019-2020-жылдары “Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору”, (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” медиасы чогуу Бажыдагы коррупциялык иштерди ашкерелеген иликтөөлөрдүн сериясын жарыялаган.

Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекетке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган. Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Матраимов күнөөлүү деп табылып 260 миң сом айыпка жыгылган. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК: 30 гектар жерди мыйзамсыз сатууга шектүүлөр кармалдыДанияр Үсөновго тийиштүү деген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу маселеси көтөрүлдү Садыр Жапаров өзүн сындагандарды сотко бербей турганын айттыГенерал-майор Дүйшөнбек Чоткараев соттон акталганы белгилүү болдуДепутат Баткенде "өзгөчө макам" маселесинде эл экиге бөлүнүп калганын айтты