Кыргызcтандын жеңиши, күйөрмандардын кубанычы

Оюнга чыккан Кыргызстандын курамы: Дарбазачы: Эржан Токотаев ("Туран", Казакстан) Коргоочулар: Александр Мищенко ("Дордой"),  Валерий Кичин ("Енисей", Орусия),  Тамирлан Козубаев ("Истерн", Гонконг). Жарым коргоочулар: Бекжан Сагынбаев ("Дордой"),  Кайрат Жыргалбек уулу ("Аксу", Казакстан),  Фархат Мусабеков ("Туран", Казакстан), Алимардон Шукуров ("Неман", Беларусь),  Гүлжигит Алыкулов  ("Кайрат", Казакстан), Одилжон Абдурахманов ("Бунедкор", 
Өзбекстан),  Чабуулчулар: Эрнист Батырканов ("Абдыш-Ата"). 

 

Сингапурдун футбол боюнча улуттук курама командасы. 8-июнь, 2022-ж. Бишкек. 

 

Стадионго 7000ден ашуун күйөрман келгени маалым болду. 

Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Тажикстан жана Мьянма командалары менен Бишкекте ойнойт. Бүгүн, 8-июнда бул тайпада 1-турда Тажикстан жана Мьянма командалары беттешип, оюн тажикстандыктардын пайдасына 4:0 эсебинде аяктады. 

Жарым коргоочу Кайрат Жыргалбек уулу. 

Жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов. 

Сингапур курама командасынын оюнчулары чабуулда. 

Кыргызстандын футболчулары алдыда 11-июнда Мьянма, 14-июнда Тажикстан менен беттешет. Азия кубогунун тандоо оюндары жалпысынан алты тайпада өтүп жатат. Тайпада лидер болгон алты команда жана экинчи орунду алган беш мыкты команда бир жылдан кийин Кытайда өтө турган Азия кубогуна жолдомо алат. Кыргызстан буга чейин 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өткөн Азия кубогуна катышып, 1/8 финалга чейин жеткен. 

Бишкекте өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан 8-июнда Сингапур курама командасы менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңди. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондө өттү.