Евробиримдик Орусияны азык-түлүк кризисин курал катары колдонуп жатат деп айыптады

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушууда украин буудайын тышка экспортоо боюнча планда жылыш пайда болгонун билдирди. Ал бул үчүн эл аралык аракеттер зарыл экенин кошумчалады.

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров согуштун айынан Украинада блоктолуп турган буудайды чыгаруу маселеси талкуулаганы 7-июнда Түркияга барган.

Украинанын Айыл чарба министрлиги билдиргендей, учурда Одессанын портторунда 20 миллион тоннадай буудай экспорттолбой, камалып турат. Орусия деңизде 20 аскердик кеме жана суу алдында жүрүүчү төрт кемеден турган флотилья менен украин буудайын эч жакка чыгарбай турат.

Дагы караңыз

Орусия буудайдын дүйнөлүк жолун бууп турат

Лавров кырдаал үчүн кайрадан Украинаны күнөөлөп, президент Зеленский украин портторунун айланасындагы миналарды алуу маселесин чечүүдөн баш тартканын айтты.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Батыш айрым санкцияларды алган гана шартта украин буудайын экспортоого жол бере турганын 8-июнда дагы кайталады.

Батыш мамлекеттери мындай сунушту четке кагып, Орусияны глобалдык кризисти курал катары колдонуп жатат деп айыпташты.

"Тамак-аш Кремлдин террордук арсеналынын бир бөлүгүнө айланды, биз буга жол бербешибиз керек",-деди Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 8-июнда Страсбургда сүйлөп жатып.

Дагы караңыз

Акыйкатчы: Орусияда миңден ашык кыргызстандык абакта отуратДепутат Султанбекова педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштадыАраванда бала бакча курууда казынага 3 млн. сом зыян келтирилгени кабарландыМеркел: Орусиянын Украинага кол салышы - олуттуу трагедия