Акыйкатчы: Орусияда миңден ашык кыргызстандык абакта отурат

Орусиядагы абактардын бири.

Ушул тапта Орусиянын абактарында соттолгон же убактылуу тергөө камак жайларында отурган миңден ашык кыргызстандык бар. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова 8-июнда парламентте омбудсмендин жылдык баяндамасы угулуп жатканда айтты.

Акыйкатчы Орусияда 18-25 жаштагы кыргызстандык улан-кыздар “баңгизат менен аябай көп камалып жатышканын” билдирди.

Мыйзам боюнча чет өлкөдө сот чечими чыккандарды Кыргызстанга экстрадиция кылуу иштери менен Башкы прокуратура алектенет.

Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштеп жүрөт. (BTo)

Дагы караңыз

Иранда поезд кырсыгы 20дай кишинин өмүрүн алдыTemirov LIVE каналынын кызматкери боюнча арыз райондук сотто каралмай болдуШаардык сот Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруудан баш тартты Сот Жээнбекованын жер боюнча ишинин эскирүү мөөнөтүн алдыСеверодонецкиде салгылашуу уланууда, Лисичанск аткылоого туш болдуМилиция окуучусу каза болгон мугалим камалганы тууралуу маалыматты четке какты Кыргыз-кытай тышкы иштер министрлери жүк ташууну көбөйтүүнү талкуулады