Милиция окуучусу каза болгон мугалим камалганы тууралуу маалыматты четке какты

"Ала-Тоо" аквапаркы.

"Ала-Тоо" аквапаркы.

Окуучусу аквапаркта каза болгон класс жетекчи камакка алынганы тууралуу маалымат жалган экенин 8-июнда “Азаттыкка” Бишкек шаардык мэриясынын жана ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматтары кабарлашты.

Шаардык билим берүү башкармалыгында түзүлгөн комиссия иштеп жатканы, эч ким кармалбаганы айтылды.

6-июнда Бишкекте «Ала-Тоо» аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада кылынганын, “Тез жардам” кырсык болгон жерге дароо барбаганын айтууда.

8-июнда айрым маалымат булактары окуучунун класс жетекчиси камакка алынганын, анын өзүнүн эки кичине баласы бардыгын жана ал кош бойлуу экенин жазып чыгышкан. (RK)

Дагы караңыз "Куткаруучулар бар деп ишендиришкен". Аквапарктагы кырсык

Дагы караңыз

"Табарсыгы жарылып кеткен". Аскерде сабалган жоокердин абалы оорСырттан которулган акчаны ошол валютада бербеген банктар жазаланары айтылдыКыргыз-кытай тышкы иштер министрлери жүк ташууну көбөйтүүнү талкуулады“Камбар-Ата-1” ГЭСинин биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда