Согуш башталгандан бери Украинада 32 журналист набыт болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинада согуш башталганы 32 журналист набыт болду. Бул тууралуу 6-июнда Украинанын маданият жана маалымат саясаты боюнча министри Александр Ткаченко билдирди. Бул күнү Украинада Журналисттер күнү белгиленет.

"Төрт айдан бери уланып жаткан толук масштабдуу согушта биз 32 кесиптешибизден айрылдык. Сегиз жылдан бери набыт кеткендердин саны андан көп. Силер баатырсыңар. Силердин каармандыгыңар, азыркы маалдагы ролуңар жана ишке берилген сапатыңар баа жеткис",-деп жазды Ткаченко.

30-майда Северодонецкинин жанында франциялык BFMTV медиакомпаниясынын журналисти Леклер Имхофф набыт кетти. Ал Луганск облусунан эвакуация болуп жаткан жайкын тургундар тууралуу репортаж жасап жатып, аткылоого туш болгон.

29-апрелде Киевде орус армиясынын чабуулунан «Азаттык» радиосунун украин кызматынын журналисти Вера Гирич мүрт кетти. Анын үйүнө ракета тийген.

23-апрелде Киевде орус армиясынын аткылоосунан The Insider басылмасынын тапшырмасы менен жүргөн орус журналисти Оксана Баулина жарыкчылык менен кош айтышты.

Көп журналисттер жарадар болушту, айрымдары дайынсыз жоголду.
"Чек арасыз кабарчылар" уюму Эл аралык кылмыш сотуна бир нече арыз менен кайрылып, Украинадагы согушта набыт кеткен журналисттердин өлүмүн согуш кылмыштарын тизмесине кошууну талап кылды.

Дагы караңыз

Таиландда медициналык максатта кара куурай өстүрүүгө уруксат берилдиАКШда Өзбекстандын жараны террордук уюмду колдогону үчүн 15 жылга кесилдиАкматалиев Күрөш дүйнөсү уюмунун рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдүЛавров Сербияга сапарын токтотууга аргасыз болду