Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Таиландда медициналык максатта кара куурай өстүрүүгө уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таиландда 9-июндан тартып медициналык максатта кара куурай өстүрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу The Thaiger басылмасы жазды.

Таиланддын Саламаттык сактоо министрлиги кара куурайды маңзаттардын тизмесинен өчүрүү чечимин кабыл алды. Мындан улам сот кара куурайды өстүрүү, жайылтуу, колдонуу жана сактаганы үчүн айыпталгандардын баары кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын билдирди. Ошондой эле буга чейин айып пул төлөгөндөрдүн акчалары кайтарылып берилет.

Жаңы мыйзамга ылайык, кара куурайда маңзаттын көлөмү 0,2% ашпаса, аны колдонууга уруксат берилет. Ал эми бул өсүмдүктү үйүндө өстүрүүнү каалагандар атайын тиркемеге катталышы зарыл.

Бирок кара куурайды коомдук жерде тартууга тыюу салынат. Эрежени бузгандар үч айга чейин эркинен ажыратылышы же 550 доллардай айып төлөшү мүмкүн.

Таиланддын өкмөтү мындай кадамга медициналык туризмди өнүктүрүү жана экономиканы көтөрүү максатында барган.

Европанын жана Латын Американын бир катар мамлекеттеринде, Австралияда жана АКШнын айрым штаттарында кара куурайды медициналык максаттар менен колдорнууга уруксат берилген. Ал эми Грузия, Канада, Мексика, Уругвай жана Түштүк Африка мамлекеттеринде жөн эле колдонууга тыюу салынбайт.

XS
SM
MD
LG