Акматалиев Күрөш дүйнөсү уюмунун рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү

Эрназар Акматалиев. Норвегиянын Осло шаары. 2021-жыл.

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде 70 кг салмакта биринчи орунга көтөрүлдү. Ал 5-июнда Казакстанда өткөн Bolat Turlykhanov Cup эл аралык мелдеште жергиликтүү балбан Родион Анчугинди утуп, алтын медал тагынган.

23 жаштагы Эрназар Акматалиев 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган. Ушул эле жылы Сербиянын Белград шаарында болгон күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиону аталган.

Жаштар арасындагы Азия чемпионатында (2018-жыл) жана 2022-жылы апрель айында Монголиянын Улан-Батор шаарында болгон күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпионатында күмүш медал тагынган. 2021-жылы Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарына катышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Иранда имараттагы кырсыктан мерт кеткендердин саны 38ге жеттиСеверодонецкиде украин күчтөрү кайрадан сүрүлө баштадыАлдын ала жыйынтык: Казакстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү добуш бергендердин 77% колдодуОш: ККМдин коюлушуна каршы болгон соодагерлер акцияга чыгыштыБашкы прокуратура: дары сатып алууда бюджетке 4,5 млн. сом зыян келтирилген