6-июндун аба ырайы

Кыргызстан.

6-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11 градус.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз түштөн кийин өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 28…30 градус болот.

Дагы караңыз

Киевде бир нече катуу жарылуу болдуКазакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүүдөЗулушев Жапаровдун буйругу “талкууга жатпайт” деп билдирдиСаламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды Токаев Январь окуясындагы “20 миң террорчу” тууралуу айтканын түшүндүрдү