Тбилисинин вице-мэринин өлүмү териштирилүүдө

Илья Элошвили

Грузияда баш калаа Тбилисинин мэринин орун басары Илья Элошвилинин сөөгү өз үйүндө табылды. Ички иштер министрлиги 1-июнда билдиргендей, анын өлүмүнүн себептери тергеле баштады.

Окуянын чоо-жайы белгисиз. Бул тууралуу “Азаттыктын” грузин кызматы жазды.

47 жаштагы Элошвили шаар жетекчиси, мурдагы энергетика министри Каха Каладзенин жакын өнөктөшү болчу.

Маркум энергетика министринин орун басары, кийин 2012-2017-жылдары министр болуп эмгектенген. Артында аялы менен эки баласы калды.

Дагы караңыз

Зеленский: Украина салгылашууларда күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып жататГерманияда беш тажик жараны экстремисттик уюмга мүчөлүк үчүн кесилдиЭлчи Кыргызстандагы Гүлендин тарапкерлерине Түркияга кирүүгө тыюу салынарын айтты