Германиянын компаниялары газ үчүн акыны Москванын шарты менен төлөдү

Германиянын Uniper жана RWE энергетикалык компаниялары орус газы үчүн акыны Москва сунуш кылган схема менен төлөдү.

Компаниялар бул ыкма Орусияга каршы киргизилген санкцияларды бузбай турганын жана Германиянын өкмөтү менен макулдашылганын айтышууда.

Былтыр өлкөгө импорттогон газдын жарымынан көбү Орусияга туура келет.

Батыштын санкцияларына кабылган Москва “дос эмес өлкөлөргө” сатылган газ үчүн төлөмдү конвертацияланган рубль менен жүргүзүү шартын койгон. Ал тизмеге Еврошаркеттин бардык мүчөлөрү кирет. Жаңы схемага ылайык, компаниялар “Газпромбанкта” эсеп ачууга тийиш. Мындай ыкмадан бир нече мамлекет, арасында Польша, Болгария, Финляндия, Нидерланды жана Дания баш тарткан.

31-майда “Газпром” Нидерландга газ берүүнү токтотконун тастыктаган.

Дагы караңыз

"Жол-жобосу бүгүнкүдөй болбош керек". ККМге нааразылыкЧек ара жана талибдер. Тажикстанды Иранга жакындаткан жагдайлар"Орусия Донбасска көңүл бурса, украин армиясы Крымга карай жылды"