Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда эки миңге жакын шаар-кыштактардагы соода түйүндөрүнө көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) киргизиле турганын билдирди. 30-майда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында жеке ишкерлердин нааразылык акциясы өттү.
"Кардарларды эмес, салыкчыларды тейлеп калдык"
Митингге Бишкектен тышкары Чүй облусунан ишкерлер келгени айтылды. Ушундай эле нааразылык акциясы Талас менен Ысык-Көлдө да өттү. Алар көзөмөл-кассалык жабдыгын (ККМ) жана электрондук эсеп фактураларын жокко чыгарууну талап кылууда. Өкмөт өкүлдөрү кассалык жабдыкты колдонуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн мамлекетке так көрсөтүп бергендиктен, айрым таза эмес ишкерлер башкаларды пайдаланып каршылык көрсөтүп жатат деп эсептейт.
Нааразылык акциясына чыккандар кичи ишкердиктин чегин белгилеген "8 млн. сомдук жүгүртүү" деп коюлган босого сумма учурдун талабына жараша көтөрүлүшү зарыл дейт. Жылдык жүгүртүү 8 миллион сомдон ашпаса салык 0 болот. Бирок андан ашса, мыйзамда көрсөтүлгөндөй тартипте төлөш керек.
"Ошол 8 млн. сомду кайдан чыгарышкан? Ал убактан бери канча инфляция болду, канча пайызга кымбаттады? Мисалы, илгери 5 сом болсо, азыр 10-20 сом болду. Суу май канча сом азыр? 70 сомдук суу май азыр 180 сомдон, 120-130% көтөрүлдү. Силер мурдагы эле 8 млн. менен калтырып жатпайсыңарбы. Ошонун үстүнө дагы 150% кошуп туруп, анан босогону белгилешиңер керек",-дейт акцияга катышкан ишкерлердин бири.
Токмок шаарында дүкөн иштеткен Майрам Султанова да чакан ишкердиктин чеги катары белгиленген 8 млн. сомдук жүгүртүү баалардын жапырт кымбатташынан улам актуалдуулугун жоготту дейт. Андыктан кичи ишкердик кылгандардын көпчүлүгү кагаз жүзүндө орто бизнеске таандык болуп, өйдөрөөк пайыз менен салык төлөп калат деп кооптонду.
"Биз орто жана кичи бизнести текшерүүгө мораторий киргизүүнү сурайбыз. Анткени биз эки жумадан бери кардарларды тейлебей эле, салыкчыларды тейлеп жатабыз. Бир нерселерди түшүндүрүп, далилдеп эле жатабыз. Канчалаган нервибиз кетип, каныбызды ичип жатышат. Өзүбүздүн эле сүт, нан өңдүү товарларыбызды түнкү саат 12де уурудай болуп киргизип жатабыз. Ооба, алар азыр салык төлөбөй жаткан ири компанияларды көмүскөдөн чыгаруу үчүн эсеп фактураны текшерип жатышат. Мунун баарын түшүнүп жатабыз. Бирок, силер башка жагынан баштап алдыңар. Алар "Үмүт", "Аю" компанияларынын даректерин сонун эле билишет да. Ошол жакка барып текшербейсиңерби? Ошол эле акциздерди, эсеп фактураларын барып текшергиле. Ар бир дүкөнгө экиден салыкчыны коюп коюшкан. Алар отуруп алып, бизге фирмалар менен товарды эсеп фактурасыз өткөрбөй жатышат. Фирмалар бизге келип, "макул, силер товарды эсеп фактура менен алгыңар келип жатабы? Биз товарды эсеп-фактура менен алып келебиз. Бирок алар бир канча сомго кымбат болуп калат" деп айтып жатышат. Жок, керек эмес, келгиле акырын эле алып келе бергиле деп айттым. Баары эми ушинтип иштеп калышат".
Салык кызматынын маалыматына ылайык, майдын башынан бери өлкө боюнча рейддик иштер көбөйүп, ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Салык кызматынын өкүлү Эркин Сазыковдун айтымында, товар берүүчүлөр менен дүкөндөрдүн ортосундагы эсеп фактуралардын таризделбей жатышы сооданын көмүскө формасын көбөйтүп жатат.
"Товарларды жеткирүүчүлөр менен берүүчүлөр электрондук эсеп фактураларын дүкөндөргө бербей жаткан фактылар аныкталган. Мындайча айтканда, дүкөн ээлери товарды берүүчүлөрдөн электрондук эсеп фактуранын кагаз түрүндөгү форматын талап кылууга милдеттүү. Бирок мындай факты болбой жатат. Булар көмүскө жол менен, бир да документсиз товарды алып, андан ары сатууга мүмкүнчүлүк алып жатышат. Мындай болбошу үчүн биз майдан бери ар бир ишкерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мындай айтканда, алар товарды дүкөн болобу, кафе болобу – башка субъектке сатса, өз ара жүгүртүүлөрү милдеттүү түрдө эсеп фактура менен таризделиши керек. Анын негизинде ири компаниялардын салыктары да саналып калат да. Ошол жерде бизде чоң көйгөй пайда болду. Ири компаниялардын көбү орто жана кичи ишканаларга товарларын сатып жатканда эсеп фактураларын бербей жатканы аныкталып жатат".
Базарлар менен дүкөндөрдө кийим-кече, майда-дүң, жашылча саткан соодагерлер президенттин, өкмөт башчынын наамына бир нече жолу кайрылуу жолдошконун, бирок ынанымдуу жооп, же чечим берилбей жатканын айтып жатышат.
Интернетте тараган видеого караганда Тоң районун борбору Бөкөнбаев айылында 30-май күнү бир нече дүкөндөр кассалык жабдыкты колдонууга каршылык катары иштебей, эшигин жаап койгон.
Талас шаарындагы нааразылык акциясына чыккандар болсо салыкчылар "кассалык аппарат" жок деп айып салып жатышканын даттанды.
Талас шаарында соода кылган Медет 31-май күнү дүкөнүн жаап, эшигине "Кечирим сурайбыз, ККМ аппараты жана эсеп фактура маселесин бийлик чечип бермейин убактылуу жабылууга мажбурбуз" деген жазууну илип койгон. Ал мындай кадамга аргасыздык түрткөнүн айтат.
"ККМ орноткула, эсеп фактура менен иштегиле" деп бизди жүдөтүп атышат. Маселени бир жагына чечиш керек да. Бийлик башчылар "жеке ишкерлерди жаман көрбөгүлө, ККМди орнотобуз, бул эртең кымбатчылыкка алып келет, бирок биз ушуга мажбурбуз" деп ачык айтышы керек. Бизди жаман көрсөтпөй, элге ачык айтсын. Бул жеке ишкерлер арылуу элге кол салуу. Биз айткан талапты токтотпой жатышат. Ошон үчүн бир жактуу чечим чыкмайынча дүкөндү жаап койдум".
"Ири ишканалардын көкүтүүсү менен чыгып жатышат"
Бишкек шаарындагы митингчилер менен жолугушкан салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов соодагерлердин көзөмөл-кассалык жабдыгына каршы чыгышы ири заводдордун көкүтүүсү менен болуп жатат деген пикирде.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин 31-майдагы отурумунда салык процедураларын санариптештирүү коррупция менен күрөшүүдө чечүүчү роль ойноорун билдирди. Жапаров "кассалык жабдыкка каршы болгон айрым ишкерлер коркутуп дагы, күчкө салып дагы жатышат" деп айтты.
"Мен бир эле мисал келтирейин, Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында жалпы товар жүгүртүүсү 16,4 млн. сомду түзгөн тогуз соода түйүнү бар. 2021-жылы алар мамлекеттик бюджетке салыктык чегерүү түрүндө 33 миң сом которгон. Ошол эле учурда айыл тургундарына пенсия түрүндө – 28,8 млн. сом, мугалимдерге эмгек акы түрүндө 16 млн. сом суммасындагы социалдык төлөм багытталган. Ал жерге бюджеттен жалпысынан 51,8 млн. сом бөлүнүп, ал эми салык түрүндө 33 миң сом гана түшкөн", - деп билдирди Акылбек Жапаров.
Өкмөт башчы кандай болбосун Кыргызстан боюнча эки миңге жакын шаар-кыштактардагы соода түйүндөрүнүн баарына көзөмөл-кассалык жабдык орнотуларын маалымдады.
"Жол-жоболору бүгүнкүдөй болбош керек"
Жарандык активист Атай Бейшенбек кассалык жабдыкты жайылтуу туура багыт экенин, бирок аны ишке ашыруунун механизми чийки болуп жатканын айтат. Ал Акылбек Жапаровдун келтирген мисалын жөн гана маалымат катары кабылдап коюу керек дейт.
"Негизи биз качандыр бир кезде ККМге келишибиз керек. Бул өтө туура багыт. Бирок, аны ишке киргизүү жол-жоболору бүгүнкүдөй болбош керек. Аны этап-этаптары менен киргизүү зарыл. Биз салык төлөөнү, фискалдаштыруу саясатын туура жүргүзүү үчүн алгач накталай эмес төлөө сыяктуу инфртүзүмдү түзүп алсак жакшы болмок. Бизде азыр аймактар түгүл Бишкек шаарында кээде интернет жакшы тартпай калат. Өкмөт башчы катары ар кандай статистиканы келтире берсе болот. Мурдараак да "Бишкек шаарында "Лалафодо" эле 55 миңден ашык ишкер катталыптыр, бирок салык төлөөчүлөр аз экен" деп айтпады беле. Менимче, бул статистикалар жөн гана маалымат катары. Аны ККМге байлап, кандайдыр бир негиз катары пайдаланганы өтө деле олуттуу аргумент эмес".
Салык процедураларын фискалдаштыруунун алкагында 2020-жылдын 24-июнунда ишкер субъекттерди көзөмөл-кассалык жабдыкка өткөрүүнүн графиги бекитилген. Ага ылайык, базарларда, жарманкелерде жана көргөзмөлөрдө ыктыярдуу патент менен иштеген ишкер субъекттер 2022-жылдын 1-апрелине чейин кассалык жабдыгын колдонууга өтүүгө милдеттендирилген.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, учурда өлкө боюнча кассалык жабдыкты колдонуп жаткан ишкер субъекттердин саны 45 миңден ашты.
Көзөмөл-кассалык жабдыкты жайылтуунун жолу катары Салык кызматы 10-майда чек талап кылгандар үчүн кызыктыруучу лотереялык оюнду баштаган. Лотереяга кардарлар сатып алуудан алган кассалык чектери менен катыша алат. Өкмөт бул акция соода жайларында кассалык чекти талап кылууга түрткү берет деп эсептейт. Бирок көзөмөл-кассалык жабдыкты ишке киргизүү жол-жоболору азырынча ишкерлерди толук ынандыра албай жатат.