Алматыда Январь окуяларына байланыштуу кармалгандардын туугандары акцияга чыкты

Алматыдагы акция. 1-июнь 2022-жыл

Январь окуяларына байланыштуу кармалгандардын туугандары Алматы прокуратурасынын жанында акция уюштурду.

Алар жакындары кыйноого туш болуп жатканын айтып, ишти адилет тергөөнү талап кылышты. Инстаграмда жарык көргөн маалыматка караганда, акимиаттын өкүлү акция алдын ала макулдашылбаганын, андыктан “мыйзамсыз” деп эсептелерин айтты.

Январь окуяларынан кийин кармалып, кыйноого туш болгондордун бири, фотограф Саят Адильбекулы “Азаттыктын” казак кызматына билдиргендей, акциянын алдында аларды коррупцияга каршы кызматка чакыра баштаган. Кабарчылар ал мекемеден комментарий ала алган жок.

Укук коргоочу уюмдар жыл башында болгон кандуу окуялар объективдүү териштирилбей жатканын бир нече жолу айтышкан.

Бери дегенде 238 кишинин (расмий статистика) өмүрүн алган кан төгүүдөн кийин күч түзүмдөрүнүн үстүнөн жүздөгөн арыз түшкөн. Аларга тергөөдө мыйзамга жатпаган ыкмаларды пайдаланган жана кыйноого барган деген кине тагылган. Расмий маалыматка караганда, жогоруда айтылган 238 кишинин кеминде сегизи жабык жайда каза тапкан.

Кармалгандарды кыйноого байланыштуу 200дөн ашуун иш козголгон. Бийлик он чакты шектүү кармалганын билдирген.

Дагы караңыз

Байден Украинага заманбап ракета системасы берилерин билдирдиӨКМ: Тосор ашуусунан өтө албай калган чабандарга куткаруучулар жөнөп кеттиШанхайда эки айга созулган карантин алынды