Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

ӨКМ: Тосор ашуусунан өтө албай калган чабандарга куткаруучулар жөнөп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусундагы Тосор ашуусунда эки чабан 30 баш бодо малы, 80 баш жылкысы менен өтө албай калганын 1-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, май айында нөшөрлөгөн жаандан кийин Сырт өрөөнүнө калың кар жаап, ашуудан өтүү кыйындаган.

Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнү Нарын облусунун жайлоолору менен чектешет. Өрөөндөгү жайлоолордо Тоң районунун чабандары, малчылары жайкысын мал багышат.

ӨКМ жеринен барып тактоо жана жардам берүү үчүн ашууга беш куткаруучу адис жөнөп кеткенин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG