Бишкекте балдардын эл аралык "Наристе" фольклордук фестивалы өтүп жатат. 8-июнга чейин боло турган иш-чарага Орусия, Алтай, Тува республикаларынын, Казакстан, Монголиядан келген өкүлдөр, Кыргызстандын жети облусунан балдар фольклордук топтору катышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу. Анын алкагында түрдүү мастер-класстар, ачык асман астындагы ачык сабактар уюштурулат. Ар кандай чыгармачылык жолугушуулар жана кечелер, конференция, көргөзмөлөр өтөт.
Фестивалдын расмий ачылышы, бүгүн 31-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда болот.
"Наристе" эл аралык фестивалы быйыл экинчи жолу уюштурулуп жатат. Алгач 2018-жылы өткөн. Ага алты өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. (КЕ)
Дагы караңыз
Акыйкатчы Сузакта мугалимди видеого тарткан окуучуларга басым болуп жатканын билдирдиЖогорку Кеңеште мурдагы спикерлердин жолугушуусу өттүБалдарды интернетте коргоого байланыштуу талкуу өтөтЕревандагы каршылык акциясында жүздөн ашуун киши кармалды