Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:55

Жогорку Кеңеште мурдагы спикерлердин жолугушуусу өттү


Жогорку Кеңештин төрагалары. 30-май, 2022
Жогорку Кеңештин төрагалары. 30-май, 2022

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 30-майда мурдагы спикерлер менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аларга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин чечими менен ыйгарылган мааракелик медалдар тапшырылды.

Аталган медал КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 30 жылдыгына карата уюштурулган.

Талант Мамытов “Жогорку Кеңеш КМШ ПААнын түптөлүшүндө негизги ролду ойногонун, анда парламенттер аралык байланышты гана чыңдабастан, өлкөлөр ортосундагы алаканы арттырып, бир катар долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзгөнүн белгиледи.

Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов Парламенттик ассамблеянын алгачкы маанилүү чечимдери Жогорку Кеңештин имаратында кабыл алынганын белгилеп, анын быйылкы отурумдарын Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

Кыргызстан эгемендик алган 30 жылда Жогорку Кеңешти 19 төрага жетектеген. Жолугушууга анын теңинен көбү келген эмес. Ага Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Айтибай Тагаев, Канат Исаев, Дастан Жумабеков катышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG