Арменияда акцияга чыккандар мамлекеттик мекемелерди кыдыра баштады

Армениянын борбору Еревандагы нааразылыктар.

Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылгандардын акциясы 30-майда да улантты. Дүйшөмбү күнү алар алгач Франция аянтына чогулушту.

Парламенттеги оппозициялык “Айастан” фракциясынын депутаты Ишхан Сагателян бул күндөн тартып алар төрт-беш күн ар кайсы мамлекеттик мекемелерди кыдырып, ар бирине өз-өзүнчө талаптарды коё баштай турганын жарыялады. Андан кийин алар өкмөттүн 3-корпусуна жүрүш жасады. Анын алдында полиция менен кагылышып, ондогон адам кармалды.

Муну менен катар оппозиция биргелешкен билдирүү кабыл алды. Анда “Армения Тоолуу Карабактын калкын өзүн-өзү аныктоого толук колдоосу керектиги, ал эч качан Азербайжандын курамына кирбеши керектиги жана өз алдынча республика болушу керектиги” тууралуу жазылган.

Армениядагы нааразылыктар апрелдин аягында башталды. Майдын башынан тартып акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап, жолдорду бууганга аракет кылышкан. Андан бери өкмөттүн, президенттик сарайды, министрликтердин жана парламенттин имаратына бөгөттөшкөн.

Нааразылык акциясы премьер-министр Никол Пашиняндын “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатат” деген сөзүнөн кийин тутанды. Оппозиция муну менен армян өкмөтү Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп жатат. Чогулгандар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылууда.

Эки өлкө ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Апрелде эки тарап Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)

Дагы караңыз

Депутат кумаркана мыйзамы балдарга да казино ойноого жол ачарын айттыПорошенкого Украинадан чыгууга уруксат берилдиАлмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн мамлекетке өткөрүүдө талаш чыкты Бишкекте эки миңдей дарак электрондук каттоого алынды