Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:55

Порошенкого Украинадан чыгууга уруксат берилди


Петро Порошенко
Петро Порошенко

Украинанын мурдагы президенти, кылмыш ишинде шектүү катары өтүп жаткан Петро Порошенкого өлкөдөн чыгууга үчүнчү аракеттен кийин гана 30-майда уруксат берилди.

Порошенко 27-28-май күндөрү чек арадан Польшага өтүүгө эки жолу аракет кылган. Андан кийин ал азыркы президент Владимир Зеленскийге кайрылып, уруксат берүүнү өтүнгөн. Петро Порошенко Нидерландынын Роттердам шаарында Европалык элдик партиясынын саммитине катышып, Украинага Евробиримдикке мүчөлүк алуу маселесин коргой турганын айткан.

Жогорку Раданын депутаты жана “Европа тилектештиги” оппозициялык партиясынын лидери Петро Порошенко мамлекеттик чыккынчылык боюнча айыпталып жатат. Ал 2014-2015-жылдары бийликте турганда Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдерге колдоо көрсөткөн деп шек саналууда. Порошенко бул айыптарды толугу менен четке кагып, аны саясий куугунтук деп атап келет.

Киевдин Печерск райондук соту 6-январда экс-президентке таандык делген бардык мүлктү камакка алган чечим чыгарган. Порошенконун командасындагы булактар кабарлашкандай, саясатчыга тиешелүү бардык жер тилкелери, ага байланышы бар банктар, завод-фабрикалар, анын ичинде Козиндеги үйү жана акциялары камакка алынды. Ушул эле сот 19-январда анын бөгөт чарасын карап, эркиндикте калтырган.

Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский менен мурдагы мамлекет башчы Петро Порошенко элдешкис саясий оппоненттер болуп саналат. (ErN)

XS
SM
MD
LG