Москвада "Спартактын" ондогон күйөрманы кармалганы кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жекшембиде Москвада полиция жана Росгвардиянын кызматкерлери "Спартак" футбол клубунун 50дөй күйөрманын кармады. Бул тууралуу ТАСС агенттигине тартип коргоо органдарындагы булактары билдирген. "Спартак" фанаттары коомдук тартипти бузганы үчүн кармалган.

Ички иштер министрлигинин шаардык башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кармалгандар тууралуу маалымат түшө электигин тактады. Baza Telegram каналы күйөрмандар клубдун жеңишин фейерверк жана петардалар менен кызуу майрамдашканын белгилейт.

Жекшембиде "Спартак" футбол клубу "Динамо" командасын 2:1 эсебинде утуп, 19 жылдан бери биринчи жолу Орусиянын Кубогун жеңип алды. (КЕ)

Дагы караңыз

Президент Зеленский Харьковдо согуш тилкесиндеги позицияларга бардыЭрдоган Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушуна каршы экенин кайталадыКанн кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аталдыЕврошаркет орус мунайына толук эмбаргодон баш тартышы мүмкүн