Түркиянын президенти Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусуна каршы турарын кайталады. Режеп Тайып Эрдоган эки өлкөнүн делегациялары менен болгон жолугушуулар “күтүлгөндөй деңгээлде” жүрбөгөнүн, Түркияны түйшөлткөн коопсуздук маселелерин чечүү багытында кадам жасалбаганын билдирди.
"Бакудан кайтып келатканда мамлекет башчы "Режеп Тайып Эрдоган Түрк жумуриятынын башында турган маалда терроризмди колдогон өлкөлөрдүн НАТОго кошулуусуна “ооба” деп жооп бере албайбыз” деген жообун узатты",- деп жазды Hurriyet гезити.
Анкара Хельсинки менен Стокгольм "Күрттөрдүн жумушчу партиясынын" согушкер тобунун жана түрк бийлиги "террорист" деп эсептеген башка уюмдардын мүчөлөрүнө башпаанек берип жүрөт деп айыптап келет. Андан тышкары сөз болгон скандинавиялык эки мамлекет 2019-жылы Анкарага курал экспортун токтотуп койгон.
Швеция жана Финляндия терроризмди айыпташарын айтып, Анкара менен сүйлөшүүнү кубатташкан. Жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу үчүн НАТОнун бардык 30 өлкөсү макулдугун берүүгө тийиш.
Эрдоган ошондой эле 30-майда орус жана украин президенттери менен телефондон сүйлөшөрүн билдирген.
Дагы караңыз
Канн кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аталдыЕврошаркет орус мунайына толук эмбаргодон баш тартышы мүмкүнАламүдүндө "Арашан" койлорунун эл аралык көргөзмөсү өтүүдөОоган кыз-келиндери укуктарын коргоп акцияга чыкты