Акылбек Жапаров Билим берүү министрлигинде кезексиз жыйын өткөрдү

Билим берүү жана илим министрлиги.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 27-майда Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги менен кезексиз жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалымдашынча, Жапаров анда аталган мекеменин күнүмдүк иши, планы менен таанышты жана билим берүү тармагы замандын талабына ылайык өзгөрүп, окутуунун сапатын жогорулатуу керектигин айтты.

Мунун алдында айрым мектептерде коомчулуктун көңүлүн бурган окуялар орун алган.

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы мектептердин биринде сабак маалында мугалимдин окуучу кызды сабаганы талаш-талкуу жаратты. Учурда окуянын жагдайына байланыштуу мугалимдер жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Андан мурдарак Чаткал районундагы Тере-Сай айылындагы мектептин шыбы урап түшүп, ошол маалда класста болгон окуучулар менен мугалим медициналык кароодон өткөн.

Дагы караңыз

Кумтөр: жарака кеткен жерден адамдар, техника коопсуз жайга көчүрүлдү Чукул кабар: катуу жамгыр жаайт, сел коркунучу жогору Бишкек төрагалык кылган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин саммити өтөт Түндүк-Түштүк кошумча жолу: таш кулаган тилкенин жанына убактылуу жол салынды Улуттук наркты сактоо программасы боюнча талкуу өтөт